№12 шайлоо округундагы алдын ала жыйынтык кандай?

Бүгүн, 30-ноябрдагы кезексиз парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы көрсөтүлүүдө.

№12 шайлоо округунан шайлоочулардын 28,68 пайыз добушун алган Бекмырза Чолпонбай уулу биринчи болду. Экинчиге Таалайбек Масабиров 16,12 пайыздык көрсөткүч менен чыкты. Ал эми гендерлик квота боюнча Жылдыз Курманалиева 5,26 пайыз менен илинди.

Эскертме, маалыматтар жаңыланып турат.

Аталган округга Сузак районунун Кыз-Көл, Көк-Арт, Атабеков, Кызыл-Туу, Сузак жана Кара-Дарыя айыл аймактары, Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагы, Базар-Коргон шаарынын 13 участкасы – №2131, 2132, 2133, 2134, 2135, 2136, 2375, 2377, №14, 22, №222 шайлоо участкалары кирген.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан