Бүгүн, 30-ноябрдагы кезексиз парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы көрсөтүлүүдө.
№4 шайлоо округунан шайлоочулардын 27,11 пайыз добушун алган Советбек уулу Рустамбек биринчи болду. Экинчиге Уланбек Жаанбаев 16,65 пайыздык көрсөткүч менен чыккан. Ал эми гендерлик квота боюнча Нилуфар Алимжанова 7,60 пайыз менен илинген.
Эскертме, маалыматтар жаңыланып турат.
Аталган округга Ноокат шаары, Ноокат районунун Бел, Жаңы-Ноокат, Гүлистан, Зулпуев, Кара-Таш, Кеңеш, Көк-Бел, Кыргыз-Ата, Мирмахмудов жана Насирдин Исанов айыл аймактары, Араван районунун Керме-Тоо айыл аймагынын Кичик-Алай жана Чөгөм айылдары кирет.