Өлкөдө өтүп жаткан парламенттик шайлоодо добуш берүү аяктап, автоматтык эсептөөчү урналардан алдын ала жыйынтыктар чыгууда.
Алсак, №9 округундан биринчиге шайлоочулардын 4642 добушун же 12,45 пайызын алган Данияр Төлөнов чыкса, экинчиге Азамжан Жалилов 4126 добуш же 11,07 пайыздык көрсөткүч менен чыкты. Ал эми гендерлик квота боюнча айымдардан Ыргал Кадыралиева 1364 добуш же 3,66 пайыз менен илингенин көрүүгө болот.
Шайлоонун жыйынтыгы АЭУнун соңку берилген маалыматы менен жаңыланып жатат.
Аталган округга Кара-Суу районунун Савай, Ынтымак айыл аймактары, Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь, Куршаб, Жалпак-Таш, Кароол, Дөң-Булак айыл аймактары, Өзгөн шаары кирет.