Автоматтык эсептөөчү урналардын алдын ала маалыматы боюнча, №14 шайлоо округунан төмөнкү талапкерлер көп добуш алды:
Болотбек Борбиев – 11 660 добуш, 25,10 пайыз
Кундузбек Сулайманов – 10 671 добуш, 22,97 пайыз
Гүлшаркан Култаева – 5 654 добуш, 12,17 пайыз
Бул округга Токтогул шаары. Ноокендин Бүргөндү-Достук айыл аймагы жана Шамалды-Сай шаары, Таш-Көмүр шаары, Аксы районунун Ак-Суу жана Үч-Коргон айыл аймактары, Кара-Көл шаары, Токтогул районунун Үч-Терек, Кетмен-Дөбө, Э.Иманалиев, Абды Сүйөркулов, Толук, Сары-Камыш айыл аймактары кирет.
Шайлоонун жыйынтыгы АЭУнун соңку берилген маалыматы менен жаңыланып жатат.