Өлкөдө парламенттик шайлоого добуш берүү саат 20:00дө аяктады. Автоматтык эсептөөчү урналардын алдын ала маалыматы боюнча №17 шайлоо округунда төмөнкү талапкерлер алдыга чыгышты:
Нурланбек Азыгалиев 10 400 добуш, 25,49 %
Улукбек Узакбаев 9 742 добуш, 23,64 %
Чолпон Эсенаманова 3 924 добуш, 9,52 %
Бул округга Талас районунун Беш-Таш, Кара-Кол, Кең-Кол, Шумкар-Уя, Чоң-Алыш айыл аймактары, Панфилов районунун Кайыңды шаары, Курама, Күрпүлдөк, Фрунзе, Орто-Кайыңды айыл аймактары, Жайыл районунун Жайыл, Сары-Коо, Талды-Булак айыл аймактары, Кара-Балта шаары кирет.
Шайлоонун жыйынтыгы АЭУнун соңку берилген маалыматы менен жаңыланып жатат.