Өлкөдө өтүп жаткан парламенттик шайлоодо добуш берүү аяктап, автоматтык эсептөөчү урналардан алдын ала жыйынтыктар чыгууда.
Алсак, №20 округдан биринчиге шайлоочулардын 8 580 добушун же 31,91 пайызын алган Темирлан Айтиев чыкса, экинчиге Сеидбек Атамбаев 2 873 добуш же 10,69 пайыздык көрсөткүч менен чыкты. Ал эми гендерлик квота боюнча айымдардан Токтобүбү Ашымбаева 1 130 добуш же 4,20 пайыз менен илингенин көрүүгө болот.
Шайлоонун жыйынтыгы АЭУнун соңку берилген маалыматы менен жаңыланып жатат.
Аталган шайлоо округуна Аламүдүн району толугу менен, Бишкек шаарынын Биринчи Май районундагы Манас айылы, Учкун МТУ-208, Маевка МТУ-207, Калыс-Ордо МТУ-205 толугу менен кирди. Ошондой эле Свердлов районундагы Лебединовка айылы МТУ-307, Аламүдүн айылы МТУ-306, Эне-Сай МТУ-305, Бакай-Ата МТУ-302, Чоң-Арык МТУ-108, Бишкек шаарынын Ленин району кошулган.