Бишкектин Ленин районунан кимдер алдыга чыкты?

Өлкөдө өтүп жаткан парламенттик шайлоодо добуш берүү аяктап, автоматтык эсептөөчү урналардан алдын ала жыйынтыктар чыгууда.

Алсак, №21 округундан биринчиге шайлоочулардын 11 971 добушун же 36,30 пайызын алган Куванычбек Конгантиев чыкса, экинчиге Жаныбек Абиров 7 704 добуш же 23,36 пайыздык көрсөткүч менен чыкты. Ал эми гендерлик квота боюнча айымдардан Жылдыз Садырбаев 1 781 добуш же 5,40 пайыз менен илингенин көрүүгө болот.

Шайлоонун жыйынтыгы АЭУнун соңку берилген маалыматы менен жаңыланып жатат.

Аталган шайлоо округуна Шайлоо округуна Бишкек шаарынын Ленин районундагы МТУ-101, 102, 104, 105, 108 жана Орок айылындагы МТУ-107 толугу менен киргизилген.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан