№25 шайлоо округунан кимдер алдыга чыкты?

Өлкөдө өтүп жаткан парламенттик шайлоодо добуш берүү аяктап, автоматтык эсептөөчү урналардан алдын ала жыйынтыктар чыгууда.

Алсак, №25 округундан биринчиге шайлоочулардын 9 816 добушун же 23,46 пайызын алган Бахридин Шабазов чыкса, экинчиге Бакыт Тентишев 6 673 добуш же 15,95 пайыздык көрсөткүч менен чыкты. Ал эми гендерлик квота боюнча айымдардан Эркеайым Сейтказиева 2 997 добуш же 7,16 пайыз менен илингенин көрүүгө болот.

Шайлоонун жыйынтыгы АЭУнун соңку берилген маалыматы менен жаңыланып жатат.

Аталган шайлоо округуна Кант шаары, Бишкек шаарынын Октябрь районундагы Тунгуч кичи району, Рухий Мурас, Кара-Жыгач, Алтын-Ордо МТУ-406 жана Ысык-Ата району толук кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан