Алдын ала жыйынтык. №29 шайлоо округунда кимдер алдыда?

Өлкөдө өтүп жаткан парламенттик шайлоодо добуш берүү аяктап, автоматтык эсептөөчү урналардан алдын ала жыйынтыктар чыгууда.

Алсак, №29 округундан биринчиге шайлоочулардын 10 451 добушун же 22,77 пайызын алган Нурбек Сыдыгалиев чыкса, экинчиге Адилет Белеков 8 240 добуш 17,96 пайыздык көрсөткүч менен чыкты. Ал эми гендерлик квота боюнча айымдардан Гүлсүнкан Жунушалиева 5 814 добуш 12,67 пайыз менен илингенин көрүүгө болот.

Шайлоонун жыйынтыгы АЭУнун соңку берилген маалыматы менен жаңыланып жатат.

Аталган шайлоо округуна Ысык-Көлдүн Балыкчы шаары, Нарындын Кочкор жана Жумгал райондору, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо району толук кирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан