Өлкөдө өтүп жаткан парламенттик шайлоодо добуш берүү аяктады. Борбордук шайлоо комиссиясы автоматтык эсептөөчү урналардан алдын ала чыгарган жыйынтыктарын жарыялады.
Андагы маалыматтарга таянып, эң көп добуш алган 5 талапкерди тизмектейбиз. Тизменин сап башында №11 шайлоо округунан ат салышкан Шайырбек Ташиев турат. Ал 22 миң 387 добуш алган. Экинчини 19 миң 643 добуш алган Алишер Козуев (№7 округ) ээлесе, үчтүктү Элдар Сулайманов (№5 округ) 18 миң 298 добуш менен толуктады.
Төртүнчү орунга №13 округдан талапкерлигин койгон Бактыбек Сыдыков 17 миң 397 добуш менен чыкса, бешинчини 15 миң 106 добуш алган Дастан Бекешев (№22) алды.
Айта кетсек, аты аталгандар Жогорку Кеңештин VII чакырылышында дагы депутат болушкан. Козуев ал чакырылыштын таркашын демилгелеп чыккандардын бири.