Чет мамлекеттерде Кыргызстандын 25 миңден ашык жараны добуш берди

1-декабрь, саат 00:00гө карата чет мамлекеттерде Кыргызстандын 25 458 жараны добуш берди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек убактысы боюнча 1-декабрга караган түнү Орусия, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Арабиясы, Катар, Египет жана Кувейт мамлекеттеринде жайгашкан 80 шайлоо тилкесинде добуш берүү аяктады.

Акыркы болуп добуш берүү процесси АКШнын Сан-Франциско шаарында жайгашкан шайлоо тилкесинде 1-декабрда, Бишкек убактысы боюнча саат 10:00дө аяктайт.

Белгилей кетсек, өлкөдө 30-ноябрда кезексиз парламенттик шайлоо болуп өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан