Кыргызстанда 30-ноябрда кезексиз парламенттик шайлоо болуп өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, бул күнү республика боюнча жалпы 2 миң 492 шайлоо тилкеси, 27 аралыктан добуш берүү тилкеси жана чет өлкөлөрдө 100 шайлоо тилкеси иштеди.
Ал эми шайлоочулардын жалпы саны 4 миллион 294 миң 243 жаранды түздү.
Автоматтык эсептөөчү урналардан алдын ала маалыматы боюнча эң көп добуш алган 10 айым талапкерди тизмектейбиз. Алар:
- Элвира Сурабалдиева, №23 шайлоо окуругу, 8 919 добуш (25,37 пайыз)
- Айгүл Карабекова, №13 шайлоо округу, 8 839 добуш (12,82 пайыз)
- Медина Кайрылбекова, №16 шайлоо округу, 8 179 добуш (16,57 пайыз)
- Рахат Жунушбаева, №28 шайлоо округу, 5 948 добуш (12,40 пайыз)
- Таалайбек кызы Жылдыз, №30 шайлоо округу, 5 945 добуш, (12,36 пайыз)
- Гүлшаркан Култаева, №14 шайлоо округу, 5 896 добуш (12,34 пайыз)
- Гүлсүнкан Жунушалиева, №29 шайлоо округу, 5 814 добуш, (12,67 пайыз)
- Жамиля Исаева, №26 шайлоо округу, 5 784 добуш (11,45 пайыз)
- Камила Талиева, №1 шайлоо округу, 4 879 добуш (9,90 пайыз)
- Гүлкан Молдобекова, №27 шайлоо округу, 4 851 добуш (9,11 пайыз)