Кечээ, 30-ноябрда өлкөдө кезексиз парламенттик шайлоо жыйынтыкталды. Борбордук шайлоо комиссиясы автоматтык эсептөөчү урналардын алдын ала чыгарган жыйынтыктарын жарыялады.
Андагы маалыматтарга таянсак, Жогорку Кеңештин VIII чакырылышына VII чакырылыштагы 51 депутат кайра келиши ыктымал. Алар:
- №1 шайлоо округунан: Чыңгыз Ажибаев, Камила Талиева.
- №2 округ: Ырысбек Атажанов, Бактыяр Калпаев.
- №3: Равшанбек Рысбаев.
- №4: Советбек уулу Рустамбек, Нилуфар Алимжанова.
- №5: Элдар Сулайманов, Азамат Исираилов.
- №6: Бекмырза Эргешов.
- №7: Алишер Козуев, Илимбек Кубанычбеков.
- №8: Жанар Акаев, Улан Примов.
- №9: Данияр Төлөнов.
- №10: Сүйүнбек Өмүрзаков.
- №11: Шайырбек Ташиев, Алтынбек Кылычбаев.
- №12: Таалайбек Масабиров.
- №13: Айбек Алтынбеков, Бактыбек Сыдыков.
- №14: Кундузбек Сулайманов, Гүлшаркан Култаева.
- №15: Нурланбек Тургунбек уулу, Азизбек Турсунбаев, Айсаракан Абдибаева.
- №16: Дастанбек Жумабеков.
- №17: Нурланбек Азыгалиев.
- №18: Карим Ханджеза.
- №19: Медербек Алиев.
- №20: Сеидбек Атамбаев.
- №21: Жаныбек Абиров, Жылдыз Садырбаева.
- №22: Дастан Бекешов, Гуля Кожокулова.
- №23: Элвира Сурабалдиева, Марлен Маматалиев.
- №24: Жумабек Салымбеков.
- №25: Бахридин Шабазов, Бакыт Тентишев.
- №26: Медербек Саккараев, Жамиля Исаева.
- №27: Акылбек Түмөнбаев, Табылды Муратбеков, Гүлкан Молдобекова.
- №28: Эрулан Кокулов.
- №29: Нурбек Сыдыгалиев, Гүлсүнкан Жунушалиева.
- №30: Кубанычбек Самаков, Улан Бакасов, Жылдыз Таалайбек кызы.
Мындан тышкары бул парламентке VII чакырылыштан башка чакырылышта депутат болгондор да келиши ыктымал. Алар:
- Бурун Аманова (VI чакырылыш).
- Махабат Мавлянова (VI).
- Жылдызкан Жолдошова (V).
- Ыргал Кадыралиева (V).
- Умбеталы Кыдыралиев (VI).
- Курманкул Зулушев (VI).
Айта кетсек, жогоруда аты аталгандардын арасында 2 же андан көп Жогорку Кеңештин депутаты болгондор бар.