ТИМ чет өлкөлөрдөгү добуш берүү боюнча билдирүү таратты

Тышкы иштер министрлиги Жогорку Кеӊештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо алкагында чет өлкөлөрдө добуш берүү толугу менен аяктаганын билдирди.
Ага ылайык, 34 мамлекеттин 89 шаарында 100 шайлоо тилкеси иштеди.
Сааттык көрсөткүчтөрдөгү айырмачылыктардан улам добуш берүү ар кандай убакытта аяктады. Бишкек убактысы боюнча 1-декабрда саат 10:00гө карата бардык чет өлкөлүк УШКлардын иши расмий түрдө соңуна чыкты. Акыркылардан болуп АКШнын Филадельфия, Чикаго, Вашингтон, Нью-Йорк шаарларында, ал эми эң соңунда Сан-Франциско шаарындагы тилке эшигин жапты.
Чет өлкөлөрдө добуш берүүгө катышкан Кыргыз жарандарынын жалпы саны 26 миң 66 адамды түздү (2021-жылкы парламенттик шайлоодо 9826 жаран добуш берген).
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан