Кечээ, 30-ноябрда өлкөдө кезексиз парламенттик шайлоо жыйынтыкталды. Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына чыккан маалыматтар №24 округдагы баштапкы жыйынтыкты өзгөрттү. Ага ылайык, Улукбек Карыбек уулу 2-орунга чыкты.
Бул өзгөрүү аралыктан берилген добуштардын санына байланыштуу болду. Анда Карыбек уулуна берилген 1300 добуш автоматтык эсептөөчү урналардын алдын ала чыгарган жыйынтыктарын өзгөрттү. Кечээги жыйынтыкта Арафат Исмаилов 2-орунда келе жаткан. Анын артта калышына аралыктан берилген 245 добуш себеп болду.
Натыйжада, Карыбек уулунун жалпы топтогон добушу 6 миң 139 болсо, Исмаиловдуку 5 миң 734тү түздү. Ал эми тизменин сап башында дагы деле Жумабек Салымбеков келе жатса, 3-орунда гендерлик квота боюнча Гүлнара Акимбаева бара жатат.