Шайлоо-2025: №18 округдун дагы жыйынтыгы өзгөрдү

Кечээ, 30-ноябрда өлкөдө кезексиз парламенттик шайлоо жыйынтыкталды. Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына чыккан маалыматтар №18 округдагы баштапкы жыйынтыкты өзгөрттү. Ага ылайык, Бакыт Чомоев 2-орунга чыкты.

Бул өзгөрүү аралыктан берилген добуштардын санына байланыштуу болду. Анда Чомоевге берилген 461 добуш автоматтык эсептөөчү урналардын алдын ала чыгарган жыйынтыктарын өзгөрттү. Кечээги жыйынтыкта Эркин Бийбосунов 2-орунда келе жаткан. Анын артта калышына аралыктан берилген 275 добуш себеп болду.

Натыйжада, Чомоевдин жалпы топтогон добушу 6 миң 903 болсо, Бийбосуновдуку 6 миң 814тү түздү. Ал эми тизменин сап башында дагы деле 7 миң 617 добуш алган Карим Ханджеза келе жатса, 3-орунда гендерлик квота боюнча Гүлжан Сатиева бара жатат.

Ошондой эле аралыктан берилген добуштардын саны №24 округдун дагы жыйынтыгын өзгөрттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан