Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Элдар Абакиров №26 шайлоо округунда мыйзам бузуулар болгонун билдирип БШКга арыз жазды.
Ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасап, аталган шайлоо округунда болгон добуш сатып алуу фактысына шектүүнү кармап, жазага тартуу же округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу керектигин айтты.
"Кеминдин Калмак-Ашуу айылында 5-6 киши 460 миң сом менен кармалды. Бирок бул иш аягына чыкпай калды. Акчанын кимге таандык экени белгисиз. Ал акчанын ээси бар",- деди Абакиров.
Айта кетсек, Элдар Абакиров учурдагы Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты. Ал эми ал айткан округдан алдын ала жыйынтык боюнча Медербек Саккараев, Эркинбек Исеналиев, Жамиля Исаева өттү.