Кечээ, 30-ноябрда өлкөдө кезексиз парламенттик шайлоо жыйынтыкталды. Борбордук шайлоо комиссиясы автоматтык эсептөөчү урналардын алдын ала чыгарган жыйынтыктарын жарыялады.
Андагы маалыматтарга таянып, депутат боло тургандардын жаш курактарын тизмектейбиз. Алсак, №12 шайлоо округунан эң көп добуш алган Бекмырза Чолпонбай уулу 25 жашта. Ал болочок кесиптештеринин эң жашы болмокчу. №20 округдан биринчи болгон Темирлан Айтиев болсо 26 жашта. Ал эми №7 округдан экинчи болуп өтүп жаткан Илимбек Кубанычбеков 30 жашта.
Ошондой эле №27 округда экинчи орунду ээлген Табылды Муратбеков 31 жашта болсо, бештикти №2 округдан мандатка илинип жаткан Бактыяр Калпаев толуктайт. Ал 32 жашта.
Мындан тышкары кесиптештеринин эң улуусу 69 жаштагы Гүлай Машрапова болмокчу. Ал №7 шайлоо округунан шайлоого катышты.