Азамат Осмонов эми Чүй облусун башкарат

Канат Жумагазиев президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Анын ордуна мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулган Азамат Осмонов барды.
Бул тууралуу маалыматты президенттин басма сөз кызматы билдирип, тиешелүү тескемеге өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун кошумчалады.
Осмонов буга чейин президенттин администрациясынын Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальниги болгон. Анын ордуна мамлекет башчысы өзүнүн кеңешчиси Азамат Апсатаровду алып барды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан