Элчибек Жантаев президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, ал өлкө башчысы Садыр Жапаровдун кол койгон тескемесине ылайык жаңы кызматка дайындалды.
Жантаев Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болду.
Эскерте кетсек, агенттиктин мурунку жетекчиси Кудайберген Базарбаев Казакстанга Кыргызстандын элчиси болуп кеткен.