Бактыбек Бекболотов Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматынан бошотулду. Анын ордуна УКМК төрагасынын биринчи орун басары Рустам Мамасадыков дайындалды.
Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы бүгүн, 1-декабрда билдирип, Садыр Жапаровдун кол койгон тескемесине ылайык дайындоолор болгонун кошумчалады.