БШК шайлоо жыйынтыгы качан чыгарын билдирди

Борбордук шайлоо комиссиясы 30-ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгын чыгаруу жана аныктоо тартиби менен мөөнөттөрүн жарыялады.

Маалыматка ылайык:

  • Добуш берүүнүн жыйынтыгы автоматтык эсептөө урналарында (АЭУ) алдын ала эсептелет. Ал эми участкалык шайлоо комиссиялары добуштарды кол менен саноонун негизинде расмий жыйынтык чыгарат.

  • Жыйынтык чыккандан кийин 3 календардык күндүн ичинде жарандар аны округдук шайлоо комиссиясына даттандыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

  • Округдук шайлоо комиссиялары (ОШК) участкалык комиссиялардан түшкөн протоколдорду жана маалыматтарды бириктирип, аймактык жыйынтыктык таблица түзөт жана округ боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын жарыялайт.

  • ОШКнын чечимдери дагы 3 күндүн ичинде БШКга даттанууга мүмкүн.

БШК округдук комиссиялардын протоколдоруна таянып, добуш берүү күнүнөн тарта 13 календардык күндүн ичинде, башкача айтканда, 2025-жылдын 14-декабрына чейин округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын аныктап, үч депутатты расмий белгилейт. БШКнын чечимдерине үч күндүн ичинде сотко даттанууга болот.

Бардык деңгээлдеги шайлоо комиссиялары даттанууларды жана арыздарды сөзсүз карап, ар бир арыз боюнча чечим кабыл алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан