Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы болуп Жакшылык Токтогон уулу дайындалды. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, тиешелүү буйрукка мэр Жеңишбек Токторбаев кол койду.
Ал буга чейин ушул эле башкармалыктын башчысынын орун басары болуп иштеп келген.