Аманкан Кенжебаев президенттин Оштогу өкүлү болуп дайындалды

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Аманкан Кенжебаев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-декабрда өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.

Белгилей кетсек, буга чейин бул кызматты Элчибек Жантаев аркалап келген. Ал 1-декабрда Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалган.

Айта кетсек, Кенжебаев Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты болгон. Ал 30-ноябрда өткөн кезексиз парламенттик шайлоодо талапкерлигин №19 окугдан коюп, өтпөй калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан