13-округда шайлоо бир ай ичинде кайра өтөт, мурдагы 14 талапкер кайра катыша албайт. Бул тууралуу БШКнын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров бүгүн, 3-декабрда болгон жыйында билдирди.
Айта кетсек, 13 округдагы шайлоонун жыйынтыгы өнөктүк учурундагы мыйзамсыз аракеттерге байланыштуу жокко чыкты. Мыйзамга ылайык, жыйынтык жокко чыгарылгандан кийин бир айдын ичинде кайра шайлоо белгиленет.
Ал эми талапкер болгон 14 жаран кайрадан добуш берүүгө катыша албайт. Тизме:
БШКнын чечимине макул болбогон талапкерлер сотко кайрылса боло тургандыгы жыйында маалым болду.
Айта кетсек, алдын ала маалымат боюнча, бул аймакта эң көп добуш алган талапкерлер Бакытбек Сыдыков, Айбек Алтынбеков жана Айгүл Карабекова болду.