Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары - УКМКнын Терроризмге каршы борборунун директору болуп Элизар Сманов дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Белгилей кетсек, Терроризмге каршы борбор - УКМКнын мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы ишин координациялоочу түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.