Кезексиз парламенттик шайлоого №13 округдан ат салышкан Бактыбек Сыдыков өзүнө коюлган дооматтарды четке кагып, шайлоо таза өттү деген пикирин билдирди.Буга чейин социалдык тармактарда Ноокендеги №2410 шайлоо тилкесинде добуш саноо урнасынын үстүнө телефон аркылуу видеокөзөмөл орнотулганы тартылган видео тараган. Аны орноткондор укук коргоо органдарына депутаттыкка талапкер Бактыбек Сыдыковдун өкүлдөрү экенин айтышкан.
Айта кетсек, алдын ала маалымат чыгарылган жыйынтыктар боюнча, бул аймакта эң көп добуш алган талапкерлер Бакытбек Сыдыков, Айбек Алтынбеков жана Айгүл Карабекова алдыга чыккан.
Карабекова БШКнын чечимине каршы сотко арыз жазарын билдирди.
"Мен азыр БШКны сотко бергени кетип жатам. Кимдир бирөөнүн айынан биз жабыр тартпашыбыз керек да. Биз тарапка эч ким арызданган жок. Мыйзам бузган жокпуз. Сыдыковдун айынан биз эмнеге четтетилишибиз керек?",- дейт ал.