Кыргызстан менен Пакистандын ортосунда кызматташуу жаатында 16 документке кол коюлду

Бүгүн, 4-декабрда президенти Садыр Жапаровдун Пакистанга болгон иш сапарынын алкагында эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Жапаров жана Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф эки өлкөнүн кызыкчылыгында ар тараптуу кызматташтыкты чыңдоо боюнча биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.

Кол коюлган документтердин тизмеси:

- Кыргызстан менен Пакистан ортосундагы соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу;

- Маданият жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

- Туризм чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму;

- Айыл чарба жаатындагы кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

- Эки тараптуу сооданы кеңейтүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

- Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги менен Пакистандын Деңиз иштери министрлигинин ортосундагы регионалдык байланыштар үчүн Пакистандын портторун колдонуу тармагында өз ара кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму;

- Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги менен Пакистандын Коммерция министрлигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

- Энергетика жаатында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму;

- Укуктук кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму;

- Тоо-кен жана геологиялык илимдер жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму;

- Хирургиялык аспаптар жаатында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму;

- Жаштар программасынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

- Электрондук маалымат алмашууну түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму;

- Бишкек менен Исламабад шаарынын ортосунда боордош шаарлар мамилелерин орнотуу жөнүндө макулдашуу;

- Дипломатиялык кызмат академиясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

- Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академия менен Пакистандын Заманбап тилдер улуттук университетинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан