Бир катар округ... Бүгүн БШК мүчөлөрү жыйынга чогулат

Борбордук шайлоо комиссиясы кезексиз парламенттик шайлоо өткөн бир катар округдардагы добуш берүүнүн жыйынтыктары караларын билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйын бүгүн, 5-декабрда саат 17:00дө башталат. Анда №16 жана №30 көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоонун жыйынтыктары каралмакчы.

Ошондой эле жыйынтыгы жокко чыгарылган №13 округга караштуу айрым участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларынын жоопкерчилик маселеси талкууланат. Мындан тышкары №3 жана №22 округдарынан катышкан талапкерлердин өкүлдөрүнүн арыздары каралат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан