Биз социалдык тармакта

БШК Ошко губернатор болгон Кенжебаевдин депутаттык мөөнөтүн токтотууну карайт

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешинин депутаты Аманкан Кенжебаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу караларын билдирди.

Маалымдалгандай, комиссиянын жыйыны бүгүн, 5-декабрда саат 17:00дө башталат. Жыйында бир катар округдардагы добуш берүүнүн жыйынтыктары да каралмакчы.

Эске салсак, Кенжебаев 3-декабрда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган. Ал аталган кызматка 30-ноябрда өткөн кезексиз парламенттик шайлоодо тиешелүү добуш топтой албай калгандан кийин бекитилди.

Кенжебев Жогорку Кеңештин депутаттыгына №19 шайлоо округунан талапкерлигин койгон. Автоматтык эсептөөчү урналардын алдын ала чыгарган жыйынтыктарына таянсак, ал 5-орунда. Бир округдан 3 адам гана депутаттык мандат алат.

Ал Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты. Кенжебаев буга чейин да бир катар кызматтарды аркалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан