Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жумуш сапарынын алкагында Манас шаарындагы бир катар ири социалдык объекттердин курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Алгач өкмөт башчысы 5200 орундуу Спорт сарайынын курулушун көрдү. Объект заманбап инженердик-курулуш талаптарына ылайык курулууда. Спорт комплексинде бассейн, спорттук аянтчалар, конференц-зал, машыгуу жана массаж кабинеттери, душ жана санитардык түйүндөр, көмөкчү бөлмөлөр, фудкорттор, трибуналар, гимнастика залы каралган. Объект 2026-жылдын августунда бүтүрүлөрү күтүлүүдө.
Андан ары Касымалиев жүрөк-кан тамыр хирургиясы боюнча түштүк аймактык илимий борборунун курулушу менен таанышты. Эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап медициналык комплекс 250 орунга ылайыкташтырылат. Курулуш иштери 2026-жылдын аягында бүтөт деп күтүлүүдө. Илимий борбор калк үчүн жогорку технологиялуу кардиохирургиялык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатат.
Сапардын алкагында төрага президенттик "Акылман" лицейинин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Долбоорго үч кабаттуу окуу корпусу, 420 орундуу окуучулар үчүн жатакана жана педагогдорду жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу үчүн 25 батирлүү турак жай кирет. Курулуштун аякташы 2026-жылдын сентябрь айына пландаштырылган.
Касымалиев курулуш иштеринин графигин сактоону жана сапаттуу аткарылышын камсыздоону тапшырды.