"Бул чечимге да арыз жазабыз". Элдар Абакиров жазган арызы каралганын билдирди

Жогорку Кеңештин депутаттыгына №26 шайлоо округунан ат салышкан, учурадагы депутат Элдар Абакиров бүгүн, 5-декбарда БШКда анын арызын караган жумушчу топтун отуруму болгонун билдирди.

Ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жыйында аталган округдагы 4 шайлоо тилкесинин жыйынтыктары жокко чыгарылып жатканы боюнча маалымат алганын, бул боюнча да арыз жазарын айтты.

"Отурумда 2 жаңы маалымат алдык. Биринчиден, тергөө иштери жүрүп жатыптыр. ИИМдин катында Нурлан Шаршеналиев деген жаран 460 миң сомду бир талапкердин атынан таратканын моюнуна алганы айтылды. Бирок бизге кайсы талапкер экенин айтпай койду. Ал өзүнүн атынан тараткан, талапкер билбейт дегендей тыянак чыгарып коюшту.

Экинчи маалымат округдагы 4 шайлоо тилкесинин жыйынтыгын жокко чыгарып жатыптыр. Ошол жанагы добуш сатып алуу болду делген Калмак-Ашуу жана анын жанындагы айылдардыкын. Биз бул чечимге да арыз жазабыз. Бирөө добуш сатып алып жатса, 4 тилкеникин эмнеге жокко чыгарат? Бул логикага жатпайт. Мен мыйзамдуу үгүтчүлөрдү жалдап, иш жүргүзгөм. Эми тергөөнүн жыйынтыгын күтөбүз",- деди ал.

Буга чейин Абакиров №26 шайлоо округунда мыйзам бузуулар болгонун билдирип, БШКга арыз жазган.


Депутат Элдар Абакиров дагы арыз жазарын билдирди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан