Бүгүн Нью-Йоркто БУУнун Башкы кеңсесинде Борбордук Азия мамлекеттеринин Туруктуу өкүлдөрүнүн брифинги өттү. Өзбекстандын туруктуу өкүлү Улукбек Лапасов 16-ноябрда Ташкентте өткөн Борбордук Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусунун жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, брифингде региондун лидерлери Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруксуз мүчөлүгүнө талапкерлигин колдоого чакырган кайрылууга кол койгондугун билдиришти. Бул демилге Борбордук Азиянын дүйнөлүк тынчтык жана коопсуздукту чыңдоого кошкон салымын күчөтүү ниетин чагылдырат.
Кыргызстандын туруктуу өкүлү Айда Касымалиева колдоого ыраазычылык билдирип, шайлангандан кийин өлкө Коопсуздук кеңешинде жоопкерчиликтүү жана принципиалдуу мүчө катары ишти алып барарын билдирди.