
Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы
Дайырбек Орунбеков шайлоо комиссиясынын чечимине ылайык, айрым шайлоо тилкелеринин жыйынтыктарынын жокко чыгарылылышы менен шайлоонун жалпы жыйынтыгында дагы өзгөрүүлөр болушу мүмкүндүгүн билдирди. Ал бул билдирүүсүн бүгүн, 5-декабрда социалдык баракчасына жазып, айрым мыйзам бузууларды атады.
- Массалык мыйзам бузуу аныкталган №13 округда шайлоонун жыйынтыгы толугу менен жокко чыгарылып, кайра шайлоо дайындалары айтылды.
- Аймактык шайлоо комиссиясы № 8 округдагы № 5249 жана № 5514 шайлоо тилкелеринин жыйынтыгын жокко чыгарган чеичм кабыл алышкан.
- Аймактык комиссиянын чечими менен 26-округдун №7030, №7029 жана №7028 шайлоо тилкелериндеги добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылган.
- Добуш сатып алуу жана шайлоочулардын добушун мажбурлаган көрүнүштөр орун алган 9-округдун №5039, №5050, №5054, №5577, №5040, №5041 жана №5548 шайлоо тилкелеринин добуштарынын жыйынтыгы жокко чыгарылды.
Орунбеков мыйзам бузуу фактылары боюнча Ички иштер министрлиги тиешелүү материалдардын негизинде иш жүргүзүп жаткандыгын билдирди. Ошондой эле мамлекет тарабынан таза шайлоо өткөрүү үчүн бүт аракеттер жумшалганын кошумчалады.
"Шайлоо комиссияснын чечимине ылайык, айрым шайлоо тилкелеринин жыйынтыктарынын жокко чыгарылылышы менен, шайлоонун жалпы жыйынтыгында дагы өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Мындай кырдаалга сөзсүз саясий боек берип, шайлоочулардын сезими менен ойногондор дагы чыгышы мүмкүн. Бирок, бир чындык бар – ал, шайлоону таза өткөрүү принциптерине каршы келген фактыларга эч ким көз жумбайт. Бийлик өз же өзгө деп бөлбөйт, мыйзам бузулган факты болсо эч кимди аябайт", - деп жыйынтыктады Орунбеков.