Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 5-декабрдагы өзүнүн жыйынында № 22 шайлоо округу боюнча шайлоо бюлеттендерин кайрадан эсептөө тууралуу “Ынтымак” саясий партиясынын ыйгарымдуу өкүлү Н.М. Жумашовдун арызын карап, аны канааттандыруудан баш тартты. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
3-декабрда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун отуруму болуп, шайлоо участкаларында мыйзамдарды бузууга тиешелүү далилдер жана белгилер аныкталбагандыгына байланыштуу арызды канааттандыруудан баш тартуу сунушталган.