№3 округдун айрым тилкелери боюнча берилген арыз канааттандырылган жок

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 5-декабрда, № 3 көп мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Акылбек Шамаевдин өкүлүнүн арызын карады. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Маалым болгондой, аталган округдагы № 5366, № 5367, № 5368, № 5414, № 5416, № 5420 участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан жараксыз деп табылган шайлоо бюлеттендерин кайрадан кол менен эсептѳѳ жүргүзүү жѳнүндѳ арыз келип түшкѳн.

БШК жумушчу топтун сунушун эске алып, шайлоо мыйзамдарына ылайык № 3 көп мандаттуу шайлоо округунан келген арызды канааттандыруудан баш тартты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан