Жылдызкан Жолдошова №8 округ боюнча айтылган маалыматтар боюнча үн катты

"Мыйзамсыздык, адилетсиздик, акыйкатсыздык орун алганда, албетте, мыйзам ченеминде күрөшүү зарыл". Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Жылдызкан Жолдошова социалдык баракчасынан билдирип, №8 округдагы акыркы окуялар боюнча үн катты.
Жолдошованын айтымында, №8 округдагы айрым шайлоо тилкелеринин жыйынтыктарын жокко чыгарган 8-аймактык комиссиянын чечими мыйзамсыз. Чечим Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда тартылган акча таратуу видеосун Кара-Суу районундагы №5249 жана №5514 участкаларга жалган түрдө байланыштыруу аркылуу кабыл алынган.

Жолдошова бул видеонун аталган участкаларга тиешеси жок экенин Ош ОИИБ тастыктаганын, кылмыш иши козголбогонун белгилейт. Ошого карабастан комиссия анын 1009 добушун жокко чыгарган.

Ал ошондой эле президенттик администрациянын маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбековду БШК чечим чыгара электе эле аймактык комиссиянын чечимин жарыялап, шайлоо процессине кийлигишти деп сындады.

Жолдошова БШКдан мыйзамсыз чечимди жокко чыгарууну күтүп жатканын жана акыйкат үчүн күрөшүн улантарын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан