БШК сыйлыктарды берүү тартибин аныктаган жаңы жобону бекитти

Кечээ, 5-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы сыйлоо тартибин жөнгө салган жаңы жобонун токтомун бекитти. Бул тууралуу мекемеден маалымдашты.

Жаңы документтин кабыл алынышы менен буга чейин колдонулуп келген эки жобо күчүн жоготту деп табылды:

  • 1999-жылдын 16-апрелиндеги БШКнын Ардак грамотасы жөнүндө жобо;
  • 2021-жылдын 3-февралындагы Ардак грамотасы жөнүндө жаңыланган жоба.

БШКнын маалыматына караганда, жаңы жоба комиссиянын сыйлыктарын ыйгаруунун тартибин, критерийлерин жана механизмдерин бирдиктүү стандартка келтирүү максатында кабыл алынды. Эми сыйлоо процесси заманбап талаптарга ылайык такталган жана жөнөкөйлөтүлгөн тартипте жүргүзүлөт.

Жаңы жобо БШКнын сыйлыктарын берүүдө ачыктыкты, тактыкты жана бирдиктүү укуктук базаны камсыздоого багытталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан