Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 8-декабрда №1 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө маселени карап, токтом кабыл алды.
Ага ылайык, №1 шайлоо округу боюнча парламенттик шайлоо өттү деп таанылып, Чынгыз Ажибаев (10 476 добуш), Исманали Жороев (8 715 добуш), Камила Талиева (5 377 добуш) шайланган депутаттар деп бекитилди.
Округдагы шайлоочулардын тизмесине 136 175 жаран киргизилген, добуш берүүгѳ 58 316 шайлоочу катышты.