Президентке караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Азамат Юсупов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Билдирүүдө айтылгандай, тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.
Юсупов бул кызматка ушул жылдын апрель айында дайындалган болчу. Ага чейин ал дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору болуп иштеген.
Ошондой эле президенттин дагы бир тескемеси ылайык, Руслан Мусаев Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду.