Биз социалдык тармакта

БШК 87 талапкерди депутат катары тааныды

Борбордук шайлоо комиссия кечээ, 8-декабрдагы жыйынында бир катар шайлоо округдары боюнча чечим кабыл алып, жеңүүчүлөрдү аныктады.

Муну менен БШК 29 округ боюнча шайлоонун жыйынтыктарын чыгарып бүттү. Ал эми №13 округдагы жыйынтык жокко чыгарылды. Ал аймакта кайра шайлоо өткөрүлөт. БШКнын жыйынтыктарынан соң депутат боло тургандардын буга чейинки белгилүү болгон тизмесинде бир аз өзгөрүү болду.

Алсак, №8 округда жеңди делген Жылдызкан Жолдошованын ордуна Нуржамал Төрөбекова келе турган болсо, №9 округдан Ыргал Кадыралиева четтеп, Жылдыз Эгембердиева мандат алмай болду.

Жогорку Кеңештин VIII чакырылышына депутат боло турган 87 адамдын тизмеси:

  • №1 шайлоо округу: Чыңгыз Ажибаев, Исманали Жороев, Камила Талиева.
  • №2: Ырысбек Атажанов, Бактыяр Калпаев, Бурун Аманова.
  • №3: Равшанбек Рысбаев, Жаныбек Аматов, Махабат Мавлянова.
  • №4: Советбек уулу Рустамбек, Уланбек Жаанбаев, Нилуфар Алимжанова.
  • №5: Элдар Сулайманов, Азамат Исираилов, Айгүл Ахмедова.
  • №6: Алтынбек Кудайбердиев, Бекмырза Эргешов, Салтанат Аманова.
  • №7: Алишер Козуев, Илимбек Кубанычбеков, Гүлай Машрапова.
  • №8: Жанар Акаев, Улан Примов, Нуржамал Төрөбекова.
  • №9: Данияр Төлөнов, Азамжан Жалилов, Жылдыз Эгембердиева.
  • №10: Курманкул Зулушев, Сүйүнбек Өмүрзаков, Гүлнара Баатырова.
  • №11: Шайырбек Ташиев, Алтынбек Кылычбаев, Венера Салямова.
  • №12: Бекмырза Чолпонбай уулу, Таалайбек Масабиров, Жылдыз Курманалиева.
  • №14: Болотбек Борбиев, Кундузбек Сулайманов, Гүлшаркан Култаева.
  • №15: Нурланбек Тургунбек уулу, Азизбек Турсунбаев, Айсаракан Абдиева.
  • №16: Дастанбек Жумабеков, Медер Чотонов, Медина Кайрылбекова.
  • №17: Нурланбек Азыгалиев, Улукбек Узакбаев, Чолпон Эсенаманова.
  • №18: Карим Ханджеза, Бакыт Чомоев, Гүлжан Сатиева.
  • №19: Абдылдабек Эгембердиев, Медербек Алиев, Эдита Тайгараева.
  • №20: Темирлан Айтиев, Сеидбек Атамбаев, Токтобүбү Ашымбаева.
  • №21: Куванычбек Конгантиев, Жаныбек Абиров, Жылдыз Садырбаева.
  • №22: Дастан Бекешов, Болот Ибрагимов, Гуля Кожокулова.
  • №23: Элвира Сурабалдиева, Марлен Маматалиев, Умбеталы Кыдыралиев.
  • №24: Жумабек Салымбеков, Улукбек Карыбек уулу, Гүлнара Акимбаева.
  • №25: Бахридин Шабазов, Бакыт Тентишев, Эркеайым Сейтказиева.
  • №26: Медербек Саккараев, Эркинбек Исеналиев, Жамиля Исаева.
  • №27: Акылбек Түмөнбаев, Табылды Муратбеков, Гүлкан Молдобекова.
  • №28: Эрулан Кокулов, Болот Сагынаев, Рахат Жунушбаева.
  • №29: Нурбек Сыдыгалиев, Адилет Белеков, Гүлсүнкан Жунушалиева.
  • №30: Кубанычбек Самаков, Улан Бакасов, Жылдыз Таалайбек кызы.

Айта кетсек, кезексиз парламенттик шайлоо 30-ноябрда өттү. Жеңип чыккан талапкерлердин канчасы мурдагы депутаттар, эң көп добуш алгандар кимдер? Бул шилтемеден окусаңыз болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан