
Президенттин иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин директору болуп
Азамат Жапаров дайындалды. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Жапаров мамлекеттик кызмат көрсөтүү жана санариптик чечимдер чөйрөсүндө 12 жылдан ашык убакыттан бери иштеп келет. Өзүнүн кесиптик жолун КТБда оператор болуп баштаган. Ал эми 2013-жылдын январь айынан “Инфоком” мамлекеттик ишканасында иштеген.
Ал 2021-жылдын мартында “Инфоком” мекемесинин директорунун административдик маселелер боюнча орун басары болуп дайындалган. 2024-жылы “Кызмат” мекемеси кайрадан түзүлгөндөн кийин директордун биринчи орун басары кызмат ордунда ишин уланткан.