Биз социалдык тармакта

"Жумуш бүткөндө үйгө шашам". Өкмөт башчы карьерада үй-бүлөнүн орду тууралуу айтты

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Ала-Тоо 24" телеканалына маек берип жатып, карьерадагы жетишкендиктерде үй-бүлөнүн орду тууралуу дагы айтып өттү.

Өкмөт башчынын айтымында, убактысынын көп бөлүгү жумушта өтөт.

"Турмуштун үчтөн эки бөлүгү жумушта өтөт. Мындай карьерага жеткенимдин бир чоң оң мааниси - үй-бүлөң (тылың) жакшы болушу керек. Эгер андай болбосо, мындай даражага жетмек эмесмин деп ойлойм. Чындагында, жумуш бүткөндө үйгө шашам. Себеби үйдө жылуу мамиле бар, көңүлүн ток болуп, эртеси кайра жумушка келесиң",- деди өкмөт башчы.

Ошондой эле ал мамлекеттик кызматтарда иштеген кызматкерлерди жумуштун көп болгонуна карабай үй-бүлөсүнө көңүл бурууга, жакшы мамиле кылууга үндөгөн.

өкмөт башчы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан