Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров Токиодо премьер-министрдин кечки сый тамагына катышты

Бүгүн, 19-декабрда президент Садыр Жапаров Японияга болгон расмий сапарынын алкагында Токио шаарындагы "Акасака" мамлекеттик конок үйүнө барды.

Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, өлкө башчысын Япониянын премьер-министри Санаэ Такаити тосуп алды.

Андан соң президент Садыр Жапаров менен Япониянын премьер-министри Санаэ Такаити ардактуу кароол ротасынын жанынан кызыл килем үстүнөн өтүшүп, биргелешип сүрөткө түшкөндөн кийин Борбордук Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин урматына уюштурулган кечки сый тамакка катышуу үчүн залга өтүштү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан