Президент Садыр Жапаровдун 18-20-декабрь күндөрү Японияга болгон расмий сапары аяктады. Бул тууралуу өлкө башчынын администрациясы кабарлады.
Алгач Жапаров 18-декабрда Япониянын императору Нарухито менен жолугушту. 20-декабрда президент "Борбордук Азия – Япония" диалогунун биринчи саммитине катышты.
Мамлекет башчысы андан ары "Борбор Азия + Япония" диалогу бизнес-форумунун жыйынтыгы боюнча эки тараптуу документтерди жарыялоо аземине катышты. Ошол эле күнү Садыр Жапаров Япониянын премьер-министри Санаэ Такаити менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө жана кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.