Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова майыптыгы бар жарандарга, көп жылдык тажрыйбасы бар мугалимдерге Мамлекеттик ипотекалык компаниянын батирлерин акысыз берүүнү сунуштады. Мындай пикирин эл өкүлү 23-декабрда парламент комитеттеринин биргелешкен жыйынында айтты.
"Майыптыгы бар жарандарга, көп жылдан бери иштеп жаткан мугалимдерге акысыз берүүнү сунуштайт элем. Карап бербейсиздерби?",- деп депутат өкмөт башчыга кайрылды.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жогоруда аталган категориядагы жарандарга МИКтин батирлери пайызы аз төлөм менен берилерин айтты.