Биз социалдык тармакта

Депутат Сатиева Чүйдөгү маданият үйүнүн абалына тынчсызданды (видео)

Чүйдүн Москва районунун Беловодское айылындагы маданият үйү авариялык абалда турат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Гүлжан Сатиева парламент комитеттеринин биргелешкен жыйынында билдирди.

"Маданият үйү 10 жылдан бери талкаланып, авариялык абалда. Азыр таштандыканага айланып калган. Элдик курултайларда эки ирет айтылган. Райондук акимчиликтен кайрылып эле келе жатабыз, жооп жок. 2026-жылы жаңы, заманбап, имарат курулабы?",- дейт эл өкүлү.

Маданият министри Мирбек Мамбеталиев Курулуш министрлиги менен биргеликте долбоордук-сметалык документи даярдалып жатканын, келерки жылы жаңы маданият үйүнүн имараты курула турганын билдирди.

Депутат Чүйдөгү маданият үйүнүн абалы "мышык ыйлагыдай" дейт
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан