Биз социалдык тармакта

Жогорку Кеңештин комитеттери республикалык бюджетке тиешелүү мыйзам долбоорлорун үч окууда колдошту

Бүгүн, 23-декабрда Жогорку Кеңештин алты комитети биргелешкен жыйында республикалык бюджетке тиешелүү мыйзам долбоорлорун карап, үч окууда жактырды.

Документ төмөнкү комитеттерде колдоого алынды:

  • Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети,
  • Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети,
  • Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитети,
  • Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитети,
  • Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитети,
  • Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитети

Биргелешкен жыйынга өкмөт башчы Адылбек Касымалиев баштаган министрлер кабинетинин өкүлдөрү катышты.

Анда "Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" мыйзам долбоорлору үч окууда жактырылды.

Белгилей кетсек, аталган мыйзам долбоорлорун Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетти жана Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетти өзүнчө караган.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан