Биз социалдык тармакта

Салык кызматы: 11 айда 21 миллиард сомго жакын карыз өндүрүлдү

Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылдын 11 айында салыктык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды кыскартуу иштерин натыйжалуу жүргүзүп, бюджетке 20 миллиард 996,1 миллион сом түшүүлөрдү камсыз кылды. Бул тууралуу 23-декабрда мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Малыматка ылайык, көрсөткүчтөрдү жакшыртуу салык карыздары менен системдүү иштөөнүн жана аналитикалык ишти күчөтүүнүн натыйжасында ишке ашты.

Мындан тышкары, 31-июлда кабыл алынган мыйзамга ылайык, 97 миң 169 субъекттин салыктык карызы эсептен чыгарылды.

Ошондой эле, салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн онлайн-төлөө, башка мамлекеттик органдардын маалымат базалары менен салыктык маалымат системин интеграциялоо, салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу онлайн билдирүү, жарандарга салык карызы бар экендиги тууралуу СМС-билдирүү жөнөтүү системи сыяктуу санариптик куралдар киргизилди.

Бул чаралар салык төлөөнү жеңилдетип, карыздарды өндүрүүнү жакшыртууга салым кошту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан