Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2026-жылдан баштап өлкө ичиндеги аба каттамдардын билет баалары базар баасынан төмөнкү чекте белгиленди. Баадагы айырма Турукташтыруу фондунун каражаттарынын эсебинен жабыла тургандыгын бүгүн, 23-декабрда мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Мындан улам ички каттамдарда билеттердин баасы акыркы сааттарда кескин кымбаттабайт. Демилге “Кыргызстан аэропорттору” ишканасы жана “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясынын өнүгүү стратегиясынын алкагында ишке ашырылууда.
Социалдык багыттагы бул программа аймактардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, ички туризмди жана аймактык байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган. 4-январдан тарта Нарын, Талас жана Казарман багыттары боюнча каттамдар жумасына эки жолу аткарыла баштайт.
Тизмеге Ош–Бишкек багыттары кирген эмес.